Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен жаш баланы издөө иштери уланууда 
Иллюстрациялык сүрөт

Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен жаш баланы издөө иштери уланууда 

Ош шаарынын Жаңы-Маала айылында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иши уланууда.

Бүгүн, 11-ноябрь күнү издөө иштерин координациялоо максатында ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынан 13 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам, жалпы 71 адам тартылды.

Куткаруучулар Ак-Буура дарыясынын терең болгон жерлерин карап берүүгө чыкты.

Белгилей кетсек, 2019-жылы туулган С.И. аттуу жаш бала 9-ноябрь күнү, Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып дарыяга түшүп кеткени тууралуу жана издөө ишине көмөктөшүү боюнча кат Ош шаардык ШИИБи тарабынан 9-ноябрь күнү ӨКМге түшкөн.

11.11.2024 08:05:51