Кыргызстанда расмий түрдө жумушсуздардын саны дээрлик 17%га азайды
2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматтарында жумуш издеп жүргөн 60,6 миң адам каттоодо турган.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алардын саны 7,4%га азайган.
Расмий жумушсуз статусуна 37 миң 886 адам ээ болгон. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 16,8%га төмөн.
Катталган жумушсуздардын эң көп саны Ош облусунда — 10 миң 815 адамды түзгөн. Жалал-Абад облусунда 9 миң 605, Баткен облусунда 4 миң 288 адам катталган.
Бишкек шаарында 2 миң 702, Ош шаарында 3 миң 404 жумушсуз каттоодо турган.
Катталган жумушсуздардын санынын өсүшү бир гана Ош шаарында байкалган — 10,8%га көбөйгөн.
Расмий жумушсуздардын жалпы санынын 46,2%ын аялдар түзгөн. Катталган жумушсуздуктун деңгээли эмгекке жөндөмдүү калктын 1,3%ын түздү.
Маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине таянып, Улуттук статистика комитети жарыялады.
