Ысык-Көлдө электр энергиясын керектөө кескин өсүүдө: энергетиктер үнөмдөөгө чакырат
Жай мезгилинин аптаптуу күндөрүндө Ысык-Көл облусунда электр энергиясын керектөө көлөмү кескин өсүүдө. Бул, биринчи кезекте, кондиционерлердин, муздаткыч жабдуулардын жана башка электр шаймандарынын кеңири колдонулушуна байланыштуу.
Ысык-Көл электр тармагы боюнча июль айына 27 239,822 миң кВт/саат электр энергиясын керектөө планы белгиленген. Бирок иш жүзүндө электр энергиясын керектөө 43 338,376 миң кВт/саатты түзүп, пландан кыйла жогору болду.
Электр энергиясын керектөөнүн өсүшү электр тармактарына жана жабдууларга кошумча жүктөм жаратат. Ошого карабастан, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы – Ысык-Көл электр тармагы керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздап иш алып барышат.
Ушуга байланыштуу энергетиктер бардык жарандарды электр энергиясына аяр мамиле жасап, аны сарамжалдуу пайдаланууга чакырат. Электр энергиясын үнөмдүү колдонуу электр тармактарына түшкөн жүктү азайтып, бардык керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр менен камсыздоого өбөлгө түзөт.
