8 миңден 50 миң сомго чейин. ӨКМдин кызмат адамдары пара алууга шектелип кармалды
Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары системалуу түрдө пара алууга шектелип кармалды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан долбоордук уюмдардын өкүлдөрүнөн долбоордук документтерди оң кароо жана тиешелүү эксперттик корутундуларды даярдап берүү үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын талап кылып, алып жүргөндүгү аныкталды.
Тергөөнүн жүрүшүндө мыйзамсыз акчалай сый акынын өлчөмү аныкталган мыйзам бузуулардын мүнөзүнө жана каралып жаткан маселенин татаалдыгына жараша 8 000 сомдон 50 000 сомго чейин өзгөрүп тургандыгы такталды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында аталган башкармалыктын жетекчилеринин бири М.И. жана улук инспектору М.А. кармалып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
