www
12 март
Депутат бизнеске тоскоолдук тууралуу: МинКаб электромобилдерди кубаттоочу станцияларды орнотууга уруксат берүүнү токтотту
Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев бүгүнкү күндө кыргызстандык ишкерлер кабылып жаткан жагдай тууралуу маалымат берди.
Айтымында, ага бир нече ишкерлер кайрылган жана алардын көйгөйү – электромобилдерди кубаттоочу станцияларды орнотууга уруксат документтерин ала албай жатышат.
“Министрлер Кабинети 2026-жылдын 3-мартындагы токтому менен мындай станцияларды орнотууга жана кошууга уруксат документтерин берүүнү токтоткон. Урматтуу президентибиз: “Бизнеске кысым көрсөтпөгүлө, бизнес – биздин мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан сектор”,- деп айткан. Бирок ошол эле убакта бизнеске ушундай тоскоолдук болууда”, - деди Сагынаев.
