Акыйкатчы Институту Республикалык психиатриялык ооруканада бейтаптардын укуктарынын бузулушун жана системалуу көйгөйлөрдү аныктады
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Чүй облусунун Чымкоргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканага 12-апрель күнү барып, бейтаптардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жана дарылануудагы шарттары менен таанышты.
Кыйноолордун алдын алуу максатында жүргүзүлгөн мониторинг оорукандагы бир топ системдүү көйгөйлөрдү аныктады.
Оорукана толуп, орун жетишсиздигине карабай бейтаптарды кабыл алып, аларды жайгаштырууда санитардык талаптар аткарылбайт.
12-апрель күнү оорукананын 10 бөлүмүндө 353 бейтап бар болчу. Акыйкатчы барган күнү бир бейтап коридордо жаткан. Аялдар бөлүмүндө да бош керебет болбогондуктан 3 аялды жугуштуу илдетке чалдыккан бейтаптардын палатасына жайгаштырышкан.
Оорукананын имараты эскирген абалда жана капиталдык оңдоону талап кылат.
Мониторинг учурунда тамак-ашты даярдоодо жана сактоодогу дагы кемчиликтер дагы аныкталды.
Текшерүү учурда ашканада кызматкерлер өздөрү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатышкан. Оңдоо иштери жүрүп жатканына карабай, “Дарылоо-алдын алуу уюмдарына карата санитардык-эпидемологиялык талаптарды” бузуп, тамак-аш даярдашкан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Чымкоргондогу Республикалык психиатриялык ооруканасынын соттолгон адамдар мажбурлап дарыланып жаткан бөлүмдөрүндө адистешкен күзөттүн жоктугу дагы белгилүү болду.
Ооруканада 61 бейтап соттун чечими менен мажбурлап дарылоого жөнөтүлгөн. Алар башка бейтаптардан обочолонуп кармалат.
Бирок соттолгондор менен соттук-психиатрилык экспертизадан өтүп жаткандарды кайтарган атайын күзөт жок. Бул милдет медицина кызматкерлерине жүктөлгөн.
Бул медицина кызматкерлеринин жана бейтаптардын коопсуздугуна коркунуч жаратат.
Ооруканада соттолгондорго байланыштуу дагы бир маселе – бейтаптардын мажбурлап дарылоо мөөнөтүн кайра карап чыгуу.
Дарыгерлердин айтымында, соттолгондордун мажбурлап дарылоо мөөнөтүн узартуу же токтотуу иштерине медиктер жооптуу. Алар өздөрү бейтаптарды сотко, кээде алыскы райондорго ташыйт.
Мурда соттор өздөрү ооруканага келип, бейтаптын абалын текшерип, мажбурлап дарылоо мөөнөтүн узартуу же токтотуу боюнча чечим кабыл алышчу.
