Кыргызстанда балдар үчүн «Алтай жана анын достору» жаңы мультсериалы тартылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 август

Кыргызстанда балдар үчүн «Алтай жана анын достору» жаңы мультсериалы тартылды

Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы балдар үчүн арналган жаңы «Алтай жана анын достору» аттуу 2D анимациялык сериалын тартууну аяктады. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Кыргыз тилинде даярдалган мультсериал кичинекей көрүүчүлөрдү кызыктуу окуяларга жетелеп, достукту баалоого, жаратылышты сүйүүгө жана айлана-чөйрөнү таанып-билүүгө үндөйт.

Сериалдын башкы каарманы — акылдуу, боорукер жана изденүүчү күчүк Алтай. Геолог окумуштуу ата-энеси менен Кыргызстанды кыдырып жүргөн Алтай Кермет айылына келип, жаңы досторду — ак илбирс Асманды, коён Мейкинди жана чычкан Ширинди жолуктурат. Каармандар биргеликте кызыктуу окуяларга туш болуп, бири-бирине жардам берүү менен жаңы нерселерди үйрөнүшөт.

«Алтай жана анын достору» мультсериалы 40 сериядан турат. Ар бир эпизоддун узактыгы 5 мүнөттү түзүп, 1–5 жаштагы балдарга багытталган.

Долбоор Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын буйрутмасы менен «Байрак» продакшн студиясы тарабынан ишке ашырылды. Долбоордун режиссёру — Максат Болотбек.

Мультсериалдын бет ачары 24-августта УТРКнын «Баластан» телеканалында өтөт.