Кыргызгидрометте 16 млн сомдук коррупциялык схема аныкталды
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматында (Кыргызгидромет) мамлекеттик бюджеттин каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргызгидрометтин жооптуу кызмат адамдары узак убакыт бою мурда иштен бошотулган кызматкерлерге, ошондой эле айрым иштеп жаткан кызматкерлерге мыйзам боюнча төлөнүүгө тийиш болгон суммадан кыйла ашык өлчөмдө акча каражаттарын мыйзамсыз которуп келишкени аныкталды.
Аталган кылмыштуу схема кылдат жашырылып, анын натыйжасында анын катышуучулары узак убакыт бою бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланып келишкен. Мунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө — 16 млн сом материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
