Ош шаарында мурда пайдаланылбай турган суу кампасы кайрадан ишке киргизиле баштады
Ош шаарындагы мурда пайдаланылбай турган суу кампасын кайрадан ишке киргизүү боюнча иштер башталды.
Мэриядан кабарлашкандай, учурда резервуарга суу толтурулуп, борбордук системага туташтыруу иштери жүрүүдө.
Буга чейин шаарда жаан-чачындан улам Ак-Буура суусунун ылайлануу деңгээли нормадан жогору болуп, шаардын батыш бөлүгүнө таза суу берүү убактылуу токтотулган.
Түзүлгөн кырдаалда өткөн жылдын октябрь айында пайдаланууга берилген суу кампасынын бош турганы аныкталган. Суу керек учурда шаардын батыш тарабына системаны туташтыруу ишин жүргүзбөгөндүгү үчүн “Ошшаарсууканал” ишканасынын жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулган.
Азыркы учурда суу кампалары ишке киргизилип, суу толтурулууда. Резервуардагы суунун сапатын текшерүү үчүн үлгүлөр лабораторияга жиберилди.
Шаардык мэрия суу менен камсыздоо маселесин көзөмөлгө алып, тургундарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтөт.
