Улуттук банк
12 март
Сак болуңуз! Улуттук банк алдамчылык схемасы тууралуу эскертет
Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемалары тууралу эскертет.
КР УБдан кабарлашкандай, Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди мессенджерлер аркылуу жарандарга жөнөтпөйт, акча которууну суранбайт, ошондой эле жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка насыя бербейт.
"Эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калганыңызды түшүнсөңүз, банк картасын дароо бөгөттөп, тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз", - деп айтылат билдирүүдө.
