Жол тескөөчүлөрдүн мыйзамдуу талабына баш ийбеген айдоочуга 136 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды
2026-жылдын 28-июль күнү Ысык-Ата районунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери түнкү кызмат өтөө учурунда Ивановка айылында «Audi C4» үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү үчүн токтотууга аракет кылышкан.
Бирок, автоунааны башкарып бара жаткан 1996-жылы туулган Б.С.Б. аттуу айдоочу жол тескөөчүлөрдүн мыйзамдуу талабына баш ийбей, окуя болгон жерден качууга аракет кылган.
Көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында айдоочу кармалып, ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 182-беренесинин 1 жана 4-бөлүктөрү, 185-беренеси, 188-беренесинин 5-бөлүгү жана 193-беренеси боюнча жалпысынан беш протокол түзүлдү.
Жыйынтыгында айдоочуга жалпы 136 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, «Audi C4» үлгүсүндөгү автоунаа айып короо жайына токтотулду.
Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБ бардык айдоочуларды жол тескөөчүлөрдүн мыйзамдуу талаптарын так аткарууга, ошондой эле мас абалында унаа башкарбоого чакырат. Жол кыймылынын эрежелерин сактоо – ар бир жарандын коопсуздугу үчүн маанилүү.
