Мелис Нурланбеков: Жерге болгон кызыл китеп – ал жер үчүн гана, ал эми курулуш үчүн өзүнчө документ топтош керек
24 октябрь

Мелис Нурланбеков: Жерге болгон кызыл китеп – ал жер үчүн гана, ал эми курулуш үчүн өзүнчө документ топтош керек

Бишкекте мыйзамсыз жерлерге үй салуулар барган сайын азайып баратат. Бул мыйзамсыз үй куруу эмнеге алып келээрин эл жакшы түшүнүп баштаганынын белгиси. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Мелис Нурланбеков “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Айтымында, элде жер алса эле, колунда кызыл китеп болсо эле, калганын өзүм билем дегендей түшүнүк калыптанган. Анын бири турак-жай болсо, бири коммерциялык объектке айланган.

“Жерге болгон документ – бул жерге гана таандык. Анын үстүнө курулуш жүргүзүү боюнча “Бишкекархитектура”, Курулуш министрлигинен тиешелүү корутунду алуу керек. Атайын комиссия жерди карайт, рентген кылат, үй кандай жайгашат – узун, туурасын белгилейт, кызыл сызыкты аныктайт”, – деди Нурланбеков.

Ал белгилегендей, шаарда мыйзамсыз объекттер өтө көп болуп кеткен. Андан сырткары шаар көркүн бузган жарнамалар. Анын баарын мэрия тазалап, шаардын сырткы көрүнүшүн оңдоого аракеттенди.

Нурланбеков мыйзамсыз курулуштарды бузгандан башка мэрияда башка вариант жоктугун кошумчалады. Айтымында, бузуу алар үчүн деле жеңил иш эмес.

“Азыр үй салып жаткан адам мыйзам бузууга барып жатса, анын объекти эртеби-кечпи бузулаарын билет. Ошондуктан, курулуштан биринчи тиешелүү документтерди алууга аракет жасап калышты. Демек, эл тарбияланууда.

Бузууга биз аргасыздан барабыз. Ооба, курууга караганда бузуш оңой. Бирок биз жөн эле бара калып, бирөөнүн мыйзамдуу имаратын бузуп баштабайбыз. Анын баары талданат, такталат, мыйзамсыздык аныкталса, анда ошол жерди мыйзамдуу абалына алып келишибиз керек. Биз ошол объектинин ээсине карта, схема түрүндө түшүндүрүп, мыйзамдуу укугунан чыгып кеткенин жеткиребиз”, – деди ал.