Францияда дары-дармектерди жеткирүү, телемедицина жана сатып алуулар системасын санариптештирүү боюнча макулдашуулар жетишилди
21 май

Францияда дары-дармектерди жеткирүү, телемедицина жана сатып алуулар системасын санариптештирүү боюнча макулдашуулар жетишилди

Францияга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов дүйнөдөгү ири фармацевтикалык компаниялардын бири болгон Sanofi компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууга Sanofi Global Health бөлүмүнүн операциялык ишмердүүлүк боюнча жетекчиси Тибо Лефор мырза катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын калкына эл аралык деңгээлдеги сапаттуу жана далилдүү натыйжалуулугу бар дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Министр заманбап жана коопсуз дары-дармектер менен бейтаптарды камсыз кылуу өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

«Биз үчүн кыргызстандыктар эл аралык стандарттарга жооп берген сапаттуу дары-дармектерге жеткиликтүү болушу өтө маанилүү. Sanofi сыяктуу глобалдык компаниялар менен кызматташуу бейтаптар жана жалпы саламаттык сактоо системасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», – деп белгиледи Дамир Осмонов.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аркылуу Кыргызстанга дары-дармектерди түз жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Мындай механизм ортомчулардын санын кыскартууга, дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана өлкө үчүн дарылардын баасын кыйла ыңгайлуу деңгээлде түзүүгө шарт түзөрү болжолдонууда.

Өзүнчө көңүл телемедицинаны өнүктүрүүгө бурулду. Француз тарап алыскы райондордогу медициналык мекемелер менен Бишкек шаары жана областтык борборлордогу алдыңкы клиникалардын ортосундагы байланышты чыңдоого мүмкүндүк бере турган санариптик чечимдерди киргизүү боюнча кызматташууну кароого даяр экенин билдирди. Бул аймактарда адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Мындан тышкары, дары-дармектерди сатып алуу процесстерин санариптештирүү жана «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишинин ачыктыгын жогорулатуунун келечеги талкууланды. Сөз башкаруу системасын жана дары-дармектерди жеткирүүгө мониторинг жүргүзүүнү өркүндөтүү үчүн заманбап IT-чечимдерди киргизүү мүмкүнчүлүгү тууралуу болду.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары Кыргызстандын фармацевтикалык рыногунда бир катар эл аралык компаниялардын, анын ичинде Sanofi продукциясынын катышуусу кыскарып жатканы тууралуу талкуулар болгон. Бирок азыркы сүйлөшүүлөр француз тараптын Кыргыз Республикасы менен кызматташууну кайра жандандырууга жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин көрсөттү.

Маалымат үчүн:

Sanofi – кант диабетин, жүрөк-кан тамыр, онкологиялык, сейрек кездешүүчү жана иммунологиялык ооруларды дарылоо үчүн препараттарды, ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө колдонулган вакциналарды жана инновациялык дары-дармектерди өндүргөн алдыңкы эл аралык фармацевтикалык компаниялардын бири.