Талас облусу медицина кызматкерлерин тартууга аракеттенүүдө: жаңы дарыгерлер ишке киришти
Бишкектен келген дарыгерлердин үй-бүлөсү жана медицина академиясынын бүтүрүүчүлөрү райондук ЖДПБ жана облустук ооруканаларда иштей башташты. Областтын саламаттык сактоо тармагындагы кадрдык мүмкүнчүлүгү күчөтүлүүдө.
Талас облусунда медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги боюнча маселени чечүү үчүн активдүү кадамдар жасалууда. Бул жылы региондо дарыгерлердин жетишсиздиги 170 адамдын тегерегинде болчу.
Кадр жетишсиздигин чечүү үчүн Талас облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев кошумча жардам чараларын сунуштады. Анын айтымында, облуска иштөөгө келген дарыгерлер негизги айлык маянасынан тышкары 40 миң сомго чейин кошумча төлөм алышат, ал эми медициналык мекемелерде ординатурадан өтүп жаткан клиникалык ординаторлор 12 миң сом өлчөмүндө стипендия алышат.
«Облуста жалпысынан 170 дарыгер жетишпейт. Ошондуктан биз "Алтын Альянс" фондусу менен бирге 200 медицина адистигин окуп жаткан студенттердин окуу акысын төлөп берүүнү сунуштадык. Тилекке каршы, 200 орундун баары толгон жок, быйыл 30га жакын бүтүрүүчү кабыл алынды жана биз аларга ординатураны аяктагандан кийин Талас облусундагы мамлекеттик медицина мекемелеринде беш жыл иштөө талабы менен билим алуусун төлөп берип баштадык. Учурдагы жетишсиздикти чечүү үчүн биз дарыгерлерге 40 миң сом, ал эми клиникалык ординаторлорго 12 миң сом стипендия төлөөнү чечтик. Азыр башка региондордон адистер келе баштады. Мындан тышкары, келген дарыгерлерди турак жай менен камсыздайбыз. Бул чаралардын жардамы менен 4-5 жылдын ичинде областтын кадрдык муктаждыгын жаба алабыз деп ойлойм», – деди Эрмат Джумаев.
31-августтан тартып Манас районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда балдар хирургу Төрөбай Мураталиев жана анын жубайы, неонатолог Айкерим Чонкоева ишке киришти.
Айкерим буга чейин Бишкекте балдар реаниматологу болуп иштечү, азыр Манас районундагы жаңы төрөлгөн наристелерге жардам көрсөтүүдө:
«Биз бул жакка болгону 20 күн мурун келдик. Мурда неонатологдун жоктугунан жаңы төрөлгөн ымыркайлардын оор учурлары Талас облустук ооруканасына жөнөтүлчү. Азыр биз балдарды өз убагында дарылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. ЖДПБда бардык керектүү жабдыктар бар, анын ичинде фотолампалар, жакында дем алуу көйгөйлөрү бар балдар үчүн толук жабдылган кювез келет. Биз Манас районундагы жашоого жана иштөөгө көнүп калдык. Жаш адистер үчүн аймактарда практикалык тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Мындай тажрыйба өтө баалуу», – деди Айкерим Чонкоева.
Төрөбай Мураталиев өз кезегинде Манас районуна көчүп келүү чечими патриоттук себептерге байланыштуу экенин белгиледи:
«Мен өзүм ушул жердин кулуну болом. Бишкекте иштеп жүргөндө райондук ооруканабызда дарыгерлер жетишпей турганын көрчүмүн, бул дайыма менин зээнимди кейитчү. ЖДПБнын директорунан чакыруу алганда, кайтып келип кичи мекенимде кызмат өтөөнү чечтим. Биз үй-бүлөбүз менен ишибизди, үйүбүздү таштадык, балдарыбыздын мектебин жана секцияларын алмаштырдык, бирок бул кадамды региондун келечеги үчүн жасадык. Алгачкы күндөрү эле үч операция жасадым. Азыр Манас районунун жана бүтүндөй областтын жашоочулары Бишкекке барбай эле жардам ала алышат деп ишенем», – деди Төрөбай Мураталиев.
Манас районунун ЖДП борборунун директору Омурбек Казыбаев адистердин келиши маанилүү экенин белгиледи:
«Бизде 19 дарыгер иштеп, дагы 14 адис жетишчү эмес. Өзгөчө балдар хирургуна зарыл элек. Азыр мындай адистин районго келип иштей башташына кубанып турабыз. Алгачкы бейтаптар башка райондордон да кайрылышты. Албетте, балдар үчүн ИВЛ аппараты сыяктуу кошумча жабдууларга муктаждык бар, аны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн издейбиз», – деди Омурбек Казыбаев.
Азыркы учурда Айтматов районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна психиатр дарыгери жана клиникалык ординатор, ал эми Талас облустук бириктирилген ооруканасына Кыргыз мамлекеттик медицина академиясын бүтүргөн эки жаш невропатолог дарыгер жана төрт интерн келишти.
