Ошто эки скважина ишке кирди
Ош шаарынын Исанов көчөсүндө эки жерде бургулоо жолу менен жер астынан ичүүчү таза суу чыгаруучу скважиналар пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ачылыш аземине Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев, тиешелүү ишкана жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.
Скважиналар жергиликтүү казынадан каржыланып курулду. Суу 30-34 метр тереңдиктен тартылып, секундасына 11-15 литрге чейин суу чыгарып берет.
