Кыргызстандык дарыгерлер Франциянын клиникаларында кыска мөөнөттүү стажировкадан өтө алышат
Францияга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Париж шаарындагы Жорж Помпиду ооруканасына барды. Бул Франциянын кардиология, онкология жана жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү багыттары боюнча адистешкен алдыңкы көп тармактуу клиникаларынын бири болуп саналат.
Сапардын жүрүшүндө медициналык мекеменин жетекчилиги менен медициналык кадрларды даярдоо жана кесиптик тажрыйба алмашуу жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Тараптар кызматташуу тууралуу меморандум даярдоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Документте кыргызстандык адистер үчүн кыска мөөнөттүү окутуу программаларын жана стажировкаларды уюштуруу, ошондой эле француз дарыгерлеринин катышуусунда Кыргызстанда мастер-класстарды өткөрүү каралууда.
