www
17 июль
Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндөгү жол өтмөктө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Абдрахманов көчөсүндөгү жол өтмөктө курулуш иштери улантылып жатканын маалымдайт.
Долбоордун алкагында жол өтмөктүн шып бөлүгүн каптоо жана жылуулук тармактарынын инженердик коммуникацияларын монтаждоо иштери жүргүзүлөт.
Аталган иштерди аткарууга байланыштуу бүгүн саат 18:00дөн тартып дүйшөмбү күнгө чейин Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки тилкесинде түштүк багыттагы унаа кыймылынын бир тилкеси убактылуу жабылат.
Бул тилкеде унаа кыймылы убактылуу киргизилген чектөөлөргө ылайык уюштурулат.
