Бишкек мэриясы айдоочуларды жана экономисттерди жумушка чакырат
7 октябрь

Бишкек мэриясы айдоочуларды жана экономисттерди жумушка чакырат

"Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасы өзүнүн жамаатына жооптуу кызматкерлерди чакырат.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, 21 жаштан 55 жашка чейинки айдоочулар талап кылынат. Милдеттүү талап - D категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болушу керек. 

Мэриядан ыңгайлуу иштөө жана квалификацияны жогорулатуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөндүгүн кошумчалашты.

Мындан тышкары, экономист талап кылынат. Экономистке коюлган талаптар-жогорку билим жөнүндө диплом.

Кеңири маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефон номерине кайрылсаңыздар болот.