
Кыргызстанда медиктер сентябрь айына жогорулатылган айлык акы алышты
Кыргызстандын медицина кызматкерлери сентябрдан тарта жогорулатылган маяна ала баштады. Ал “Караван-инфонун” чакан сурамжылоосунун жыйынтыгында белгилүү болду.
Эске салсак, 2024-жылдын жайында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тутумунун жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан баштап медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 50 пайызга, орто медициналык кызматкерлердин айлык акысы 20 пайызга, кенже тейлөө кызматкерлеринин жана тез жардам кызматынын айдоочуларынын айлык акысы 10 пайызга жогорулады.
Медицина кызматкерлеринин айлыгы канчага жогорулаганын Бишкектеги дарыгерлер айтып беришти.
Балдар онкологу Фаез Тураббаевдин айтымында, ал буга чейин 20 миң сомго жакын айлык алса, азыр 25 миң сом алган. Ал бул бардык социалдык чегерүүлөрдөн тышкары колуна тийген сумма экенин белгиледи. Дарыгер анын айлыгы 50 пайыз жогорулаганын тастыктады.
Педиатр Зарина Дамирова белгилегендей, мурда анын айлыгы бир ставка менен 15 миң сом болсо, азыр үстүнө 7,5 миң сом кошулду. Айтымында, медайымдар 20 пайыз, санитарлар 10 пайыз көбүрөөк айлык алышкан.
"Бул айда поликлиниканын бардык медициналык кызматкерлери абдан кубанышты", - деди дарыгер.
Айлык жогорулаганын гинеколог Мимоза Жапаралиева да тастыктады. Анын айтымында, буга чейин айлыгы 11 миң 500 сом болсо, сентябрь айында 16 миң сомдон ашык акча колуна тийген.
Ошол эле учурда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 24.kgнин ушул маселеге байланыштуу суроосуна жооп берип жатып, сентябрь айында айрым дарыгерлер 70 миң сомдон 90 миң сомго чейин акча алышканын билдирген.
Ал ошондой эле катардагы дарыгердин айлыгын 1000 долларга чейин көтөрөм деген убадасын унутпаганын, жакынкы жылдары ага жетерин белгилеген. Бейшеналиев кошумчалагандай, жаңы жылга чейин Ош жана Бишкек шаарларындагы дарыгерлердин маянасын көтөрүү пландалууда. Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо тармагында гана эмес, билим берүү тармагында дагы башка кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу маселеси талкууланып жатат.