Кыргызстандын калктын үчтөн биринен көбүн 18 жашка чейинки балдар түзөт
www
1 июнь

Кыргызстандын калктын үчтөн биринен көбүн 18 жашка чейинки балдар түзөт

Кыргыз Республикасы калкынын жаш курактык түзүмү боюнча жаш өлкөлөрдүн катарына кирет: жалпы калктын санынын үчтөн биринен көбүн (37 пайызын) 0–17 жаштагы балдар түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

2026-жылдын башына карата балдардын саны 2 млн 730 миң адамды түздү. Алардын ичинен 1 млн 403 миңи (51 пайыз) эркек балдар болсо, 1 млн 327 миңи (49 пайыз) кыздар болуп саналат. 2025-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 15 миң адамга же 0,6 пайызга көбөйгөн.

Балдардын үчтөн биринен көбү (37 пайызы) шаар жерлеринде жашаса, дээрлик үчтөн экиси (63 пайызы) айыл жерлеринде жашайт.

0–17 жаштагы балдардын үлүшү Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас жана Нарын облустарында эң жогору деңгээлде катталган (жалпы калктын 38–43 пайызы). Ал эми эң төмөн көрсөткүч Бишкек шаарында байкалган (24 пайыз).

Үстүбүздөгү жылдын башына карата балдардын жалпы санынын 38 пайызын 7 жашка чейинки балдар (1 млн 45 миң адам), 46 пайызын 7–14 жаштагы балдар (1 млн 258 миң адам), ал эми 16 пайызын 15–17 жаштагы өспүрүмдөр (427 миң адам) түзгөн.

2025-жылы өлкөдө 140 миңден ашуун бала төрөлгөн. Алардын ичинен дээрлик 72 миңи эркек бала болсо, 68 миңден ашууну кыздар болгон.

Салт боюнча, эң көп төрөлүү көрсөткүчү 20–29 жаштагы аялдарга туура келет. 2025-жылы төрөлгөн балдардын 55 пайызы ушул курактагы энелерден төрөлгөн.

2025-жылдын аягына карата республика боюнча 2 миңден ашуун мектепке чейинки билим берүү уюмдары иш алып барып, аларда 276 миңден ашуун бала тарбияланган.

2025/2026-окуу жылынын башына карата республикада 2,4 миң күндүзгү жалпы орто билим берүү уюму иштеп, анда 1,6 миллион бала билим алган.