Кыргызстан жана БУУ туруктуу өнүгүү боюнча кызматташууну күчөтөт
Министрлер кабинети
24 июнь

Кыргызстан жана БУУ туруктуу өнүгүү боюнча кызматташууну күчөтөт

Бишкекте бүгүн, 24-инда Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев менен БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравенин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасындагы учурдагы социалдык-экономикалык абалды, ошондой эле Кыргызстанда 2023–2027-жылдарга туруктуу өнүгүү жаатындагы БУУ тутумунун кызматташтык программасын ишке ашыруу боюнча Стратегиялык координациялык комитетинин жыйынтыгын талкуулашты. 

Бакыт Төрөбаев акыркы жылдары Кыргыз Республикасы туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү темпин көрсөтүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле, өлкө аймактарынын айыл чарба, экология, туризм, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана башка артыкчылыктуу багыттардагы негизги муктаждыктары тууралуу маалымдады. 

Өз кезегинде, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве Кыргыз Республикасы менен БУУ тутумунун ортосундагы орто мөөнөттүү кызматташтык жөнүндө жаңы стратегиялык документти даярдоо иштери башталгандыгын билдирди, ошондой эле өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн колдоого багытталган мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даярдыгын ырастады. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогдун конструктивдүү мүнөзүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган практикалык кадамдарды ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.