Ош мэриясы менен ЮНИСЕФтин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселеси талкууландыь
Ош шаарынын мэриясында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Ана Даутович баштаган делегация менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Тараптар Ош шаарындагы балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын жашоо шарттарын жакшыртуу, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана өспүрүмдөр үчүн коопсуз шарттарды түзүү багытындагы иштерди талкуулашты.
Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жана майыптыгы бар балдарды колдоо, аларды коомго интеграциялоо маселелери каралды.
Жолугушууга ЮНИСЕФтин Ош зоналык кеңсесинин башчысы Айсулу Сулайманова жана саламаттыкты сактоо программаларынын жетекчиси Казутака Секине катышты.
Делегация шаарда биргеликте ишке ашырылып жаткан социалдык долбоорлор менен таанышып, мэрияга кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиришти.
