Кореялык офтальмологдор Жайыл районунун тургундарын бекер текшерүүдөн өткөрүп, операция жасашты
7 октябрь

Кореялык офтальмологдор Жайыл районунун тургундарын бекер текшерүүдөн өткөрүп, операция жасашты

Кореялык офтальмологдор Чүй облусунун Жайыл районунун тургундарын бекер текшерүүдөн өткөрүп, операция жасашты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунда медициналык кайрымдуулук акциясы өтүп, Түштүк Кореядан текшерүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүү үчүн 22 адис, анын ичинде үч офтальмолог-хирург келген.

Акциянын негизги максаты — Чүй облусунун Жайыл районунун жана ага жакын аймактардын тургундарына офтальмология тармагында медициналык жардам көрсөтүү болду.

"Адистер 600 бейтапты текшерип, анын ичинен 97 бейтапка катарактага операция жасалат. Ошондой эле акциянын алкагында бейтаптарга 500гө жакын көз айнек жана тамчылаткычтар бекер таратылды", - деп айтылат маалыматта.