Министрлер кабинети
6 июль
Адылбек Касымалиев жана Михаил Мишустин өз ара кызматташтыкты талкуулашты
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россияга болгон жумушчу сапарынын биринчи күнүндө Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын ар түрдүү тармактарындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.
