Депутат партнёрдук төрөткө кайрадан уруксат берүүнү суранды
20 май

Депутат партнёрдук төрөткө кайрадан уруксат берүүнү суранды

Кыргызстандын мамлекеттик төрөтканаларында пандемиядан кийин эпидемиологиялык чектөөлөрдөн улам партнердук төрөткө уруксат берилбей калган. Бирок аны кайра жандандыруу зарылдыгын депутат Элвира Сурабалдиева белгиледи. 

Депутаттын айтымында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамасына ылайык, коштоочулар менен төрөө – заманбап стандарт. Жакындарынын төрөт учурунда жанында болушу аялдын коопсуздугун жогорулатат, төрөттөн кийинки стрессти азайтат. 

“Бул энеси, эжеси же сиңдиси болушу мүмкүн, сөзсүз эле жолдошу катышат деген түшүнүк эмес. Учурда мамлекеттик төрөтканаларда бул практика колдонулбаганы менен жеке клиникаларда бар”, – деди ал. 

Депутат Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, айымдардын өтүнүчүн канааттандырып коюуну суранды.