Сауд Аравия Кыргызстанга 50 тоннага жакын курма тапшырды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Сауд Арабия Падышалыгынан келген гуманитардык жардамды — социалдык жактан аялуу калк катмарына арналган 48 тонна 720 кг курманы тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш-чарага министрликтин жетекчилиги, Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси мырза Ияд бин Гази Хаким, жана Король Салмандын гуманитардык жардам жана колдоо борборунун өкүлдөрү катышты.
Гуманитардык жардам карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, анын ичинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына (КМДБ), ошондой эле райондук социалдык коргоо башкармалыктары аркылуу социалдык жактан аялуу жарандарга жана үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.
Бул долбоор Король Салмандын гуманитардык жардам жана колдоо борбору тарабынан ишке ашырылып, Сауд Арабиясынын Кыргызстанга көрсөткөн системалуу гуманитардык колдоосунун бир бөлүгү болуп саналат.
Бул демилге кыргыз-сауд мамилелеринин достук мүнөзүн жана тараптардын гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон берилгендигин тастыктайт.
