
Жээнбек Кулубаев КМШ ТИМ башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Москвага келди
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШ ТИМ башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Москвага келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө катышуучулар эл аралык күн тартибинин жана шериктештиктин форматындагы өз ара аракеттенүүнүн маселелери боюнча пикир алмашат. Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жана мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындарына сунушталган чечимдердин долбоорлору каралат.