Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы азык-түлүктүн баасына мониторинг
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2025-жылдын 17-сентябрына Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө (Россия, Казакстан) азык-түлүк продуктуларына (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:
Кыргызстанда жашылча-жемиштерге, айрыкча сабиз, пияз жана картошкага болгон баалардын төмөндөгөнү байкалууда.
Баалар төмөнкүдөй:
- жумуртка – 93,7 сом,
- картошка – 39 сом,
- кумшекер – 76,4 сом,
- өсүмдүк майы – 151,5 сом,
- макарон азыктары (спагетти) – 73 сом,
- кой эти – 674 сом,
- пияз – 33,1 сом,
- сабиз – 51 сом,
- күрүч – 144 сом,
- макарон азыктары (рожки) – 74 сом,
- макарон азыктары (вермишель) – 76 сом.
Казакстанда баалар төмөнкүдөй:
- кой эти – 710 сом,
- уй эти – 779 сом,
- пастерленген сүт – 102,5 сом,
- кумшекер – 93,5 сом,
- пияз – 26,6 сом,
- картошка – 32,6 сом,
- макарон азыктары (вермишель) – 91,5 сом,
- каймак май – 716,7 сом,
- сабиз – 34,7 сом,
- өсүмдүк майы – 171 сом,
- жумуртка – 108,7 сом.
Россияда баалар төмөнкүдөй:
- жумуртка – 118 сом,
- пастерленген сүт – 92,4 сом,
- кумшекер – 76,8 сом,
- нан азыктары – 136 сом,
- уй эти – 670 сом,
- сабиз – 62,5 сом,
- пияз – 60 сом,
- картошка – 69,5 сом,
- күрүч – 168,8 сом.
