Президент: Колумдан келсе пенсияны 50 миң кылып коймокмун, бирок капчыгыбызга жараша болот
Президент Садыр Жапаров Кочкор районунун тургундары менен жолугушуу учурунда пенсиянын базалык бөлүгүн көтөрүү тууралуу суранычка, “колумдан келсе 50 миңге чейин жеткирип коймокмун”, – деп жооп берди.
Аталган райондун Урматбек аркылуу тургуну пенсионерлерге тиешелүү көйгөйдү айтты – ал базалык бөлүктү 3500 сомдон 6500 сомго чейин көтөрүүнү суранды.
Тийиштүү кызмат өкүлүнүн айтымында, учурда пенсиянын базалык бөлүгү 3170 сом жана баарына бирдей берилет. А эгерде аны 6500 сомго көбөйтүү керек болсо, анда ага Пенсиялык фонддун дарамети жетпейт, кошумча төлөм республикалык бюджеттен каржыланышы керек.
“Менин колумдан келсе пенсионерлерге 50 миң сомдон эле берип салгым бар. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дейт. Алыбызга, капчыгыбызга жараша кылабыз. Мурда минималдуу базалык бөлүк 700 сом болчу, биз келерибиз менен 7 миңден кем болбосун дедик. Бүгүн 8100 сомдон, дагы да көтөрөбүз”, – деди президент.
