Бишкекте кир жуучу машинанын ичинен 4,5 млн сомдук баңгизат табылды
24 июнь

Бишкекте кир жуучу машинанын ичинен 4,5 млн сомдук баңгизат табылды

КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кайдыгер эмес жарандардан келип түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде психотроптук заттарды таратууга тиешеси бар адамдын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 2004-жылы туулган Э.Н.Б. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Анын өздүгүн текшерүү учурунда жалпы салмагы болжол менен 3 грамм болгон гашиш баңгизаты табылып, алынган.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн кошумча иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү адамга тыюу салынган заттарды жашыруу үчүн колдонулган кир жуугуч машина түрүндөгү жүк жөнөтүлгөнү аныкталган. Турмуш-тиричилик техникасын кароо учурунда кызматкерлер атайын жасалган жашыруун жайды таап, анын ичинен 1 килограммдан ашык психотроптук заттарды табышкан.

Тергөө маалыматына ылайык, кармалган жаран «К» аттуу интернет-дүкөндүн кызыкчылыгында иш алып барып, психотроптук заттарды кабыл алуу, сактоо, таңгактоо жана Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында «жашыруун таштоо жайлары» (тайников-закладок) аркылуу таратуу менен алектенип келген.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган заттар мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгарылган учурда кылмыштуу киреше 4,5 миллион сомдон ашмак. Милиция кызматкерлеринин өз убагындагы аракеттеринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында синтетикалык баңгизаттардын 7 миңден ашуун бир жолку колдонууга эсептелген көлөмүнүн жайылтылышына бөгөт коюлду.

Учурда баңгизаттарды жеткирүү жана таратуу каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.