Баткенде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары талкууланды
Баткен райондук администрациясынын имаратында "Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуудагы милдеттер жана иш-аракеттер" аталышындагы тегерек стол болуп өттү.
Облустагы милициядан кабарлашкандай, иш-чарага райондук администрациянын башчысынын орун басары Ж. Сатыбалдыева төрайымдык кылды.
Бул тегерек столго Баткен РИИБ, Юстиция башкармалыгы, үй-бүлөлүк медицина борбору, билим берүү бөлүмү, пробация кызматы, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун негизги максаты — үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу жана бул көйгөйдү жоюуга багытталган комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө ар тараптуу талкуулар, сунуштар, тапшырмалар берилди. Ошондой эле, укуктук жоопкерчилик жана профилактикалык иштердин мааниси кеңири түшүндүрүлдү.
Тегерек стол жогорку деңгээлде өтүп, РИИБдин өкүлдөрү тарабынан практикалык сунуштар айтылып, мындан аркы иш аракеттердин багыттары белгиленди.
