Нарында кайрадан жер титирөө катталды
7 июнь

Нарында кайрадан жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. 

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 7-июнда саат 09:33тө катталып, к очогунда күчү 5 баллга жеткен.

Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 4,5 баллга, Кара-Булуң, Кара-Суу айылдарында 4 баллга, Ак-Жар, Ат-Башы айылдарында жана Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Ак-Чий айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Учурда жеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.