Быйыл Ош облусунда 400 чакырымдан ашуун жол пайдаланууга берилди
28 ноябрь

Быйыл Ош облусунда 400 чакырымдан ашуун жол пайдаланууга берилди

Ош облусунда 2025-жылдын 11 айында 400 чакырымдан ашуун жол пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев билдирди.

Облус башчысы күн мурун 2025-жылдын январь–ноябрында жол тармагында аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, 2024-жылы облус аймагында 144 чакырым жол курулса, быйылкы 2025-жылдын 11 айында эле 400 чакырымдан ашуун жол пайдаланууга берилсе, жыл аягына чейин дагы кошумча жол иштери жүргүзүлөт.

Курулган жолдордун катарында эл аралык маанидеги Ош–Баткен–Раззаков автожолунун Ноокат–Кызыл-Кыя бөлүгү, ошондой эле көп жылдан бери көйгөй жаратып келген Өзгөн–Мырза-Аке–Кара-Кулжа унаа жолдору бар.