Милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды
2026-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Ы.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда Т.К. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.
Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында К. Акиев жана Московская көчөлөрүнүн кесилишинде Т.К. аттуу жаран анын ишенимге кирип, алдоо жолу менен андан баасы 15 000 (он беш миң) АКШ доллары болгон Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны сатып алган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин аталган автоунаа үчүн акча каражаттары толук төлөнгөн эмес. Натыйжада, жаран Т.К. өзүнө алган төлөм милдеттенмелерин аткарбастан, транспорт каражатын ээлеп алган.
Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1968-жылы туулган Т.К. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
