Коомдук транспорт кандай иштеп жатат
2 сентябрь

Коомдук транспорт кандай иштеп жатат

Андан тышкары 41 троллейбус жана мурдагы троллейбус каттамдарын тейлеген 46 автобус иштеп жатат.

Ошондой эле “Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси” муниципалдык ишканасынын 174 бирдик кичи маршруттук автобустары, “Эко жүргүнчүлөрдү жеткизүү" ЖЧКсынын 124 бирдик автобусу каттамга чыкты.

Жаңы окуу жылынын башталышына карата ар бир автобус каттамына ортодогу аралыкты азайтуу жана жүргүнчү агымы көбөйгөнүн эске алуу менен 2-3 автобустан кошулду.

Андан тышкары борбордогу мектептердин айланасында унаа тыгынын болтурбоо, коомдук коопсуздукту күзөтүү үчүн Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери 114 мектепке бекитилди. Мамлекеттик күзөт кызматынын линиясы боюнча 120 кызматкер жана 102 линиясы боюнча 160 кызматкер коюлду. Соода жана базар комплекстеринин жанына 40 кызматер бөлүндү. Жалпы 1000ден ашык кызматкер тартылды.

Алар билим берүү мекемелеринин жанында жол коопсуздугун сактоо, тыгынга себеп болгон жол эрежесин бузуу менен жүргүнчү түшүрүү, токтоо фактыларын алдын алуу жана коомдук тартипти сактоого көзөмөл кылууда.