Баетов айылында балдар музыкалык мектеби курулат
Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы балдар музыкалык мектебин курууга тендер жарыялады.
Билдирүү мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Мектептин баасы 97 млн сом. Жумуш 2026-жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү керек.
