Кыргызстан Монако менен саясий диалогду чыңдоого кызыкдар
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 26-апрелде Монако Княздыгынын Германиядагы элчиси Лоренцо Равано менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.
Жолугушуунун негизги максаты Кыргыз Республикасы менен Монако Княздыгынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоо болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Өмүрбек Текебаев кыргыз тараптын Монако менен саясий диалогду чыңдоого кызыкдар экенин белгилеп, кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.
Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган ар түрдүү багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашышты.
Өз кезегинде элчи Лоренцо Равано эки өлкөнүн ортосундагы диалогду мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу байланыштарды улантууга даяр экенин билдирди.
