Ош: Өз билемдик менен курулуп жаткан мыйзамсыз курулуш буздурулду
24 июнь

Ош: Өз билемдик менен курулуп жаткан мыйзамсыз курулуш буздурулду

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагына караштуу Жөө-Алма участкасында курулуш материалдарын сатуучу жай тийиштүү уруксат берүүчү документтерсиз өз билемдик менен курулуп жатканы аныкталган.

Аталган объект боюнча буга чейин, 2025-жылы башкармалык тарабынан куруучу тарап У.А. карата тиешелүү чаралар көрүлүп, эскертүү берилген. Ошондой эле 10 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Бирок коюлган талаптар аткарылган эмес.

Мындан улам Ош региондук башкармалыгы тарабынан сотко доо арыз менен кайрылуу жолдонуп, соттун мыйзамдуу чечиминин негизинде объект буздурулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин баштоодон мурда тийиштүү уруксат берүүчү документтерди тариздеп, мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.