Кыргызстан менен Намибия эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун келечегин талкуулады 
КРнын Германиядагы элчилиги
27 апрель

Кыргызстан менен Намибия эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун келечегин талкуулады 

Кыргызстандын менен Намибия Республикасынын Германиядагы элчилери Өмүрбек Текебаев менен Джеробеам Шааника жолугушту. Бул тууралуу Германиядагы элчиликтен кабарлашты. 

Тараптардын жолугушуусу 2026-жылдын 23-апрелинде Берлин шаарында өткөн.

Жолугушуунун негизги максаты — Кыргыз Республикасы менен Намибия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун келечегин талкуулоо болду.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасынын Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасындагы элчилиги учурда иштеп жаткандыгын жана Аддис-Абеба шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчиси ошондой эле Африка Бирлиггиндеги Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү экендигин белгилеп, кыргыз тараптын Намибияны кошо алганда, Африка өлкөлөрү менен мамилелерди активдүү өнүктүрүү ниетин көрсөтүп жаткандыгын айтты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Өмүрбек Текебаев ошондой эле кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.