Караколдо чет өлкөлүк жарандарга мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Каракол шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан өлкө аймагында эмгектенип жаткан чет өлкөлүк жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын так сактоо, коомдук тартипти бузбоо, укук бузууларга жол бербөө, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалга терс таасирин тийгизе турган ар кандай чагымчыл аракеттерден алыс болуу боюнча маалыматтар берилди.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, жүрүү жана болуу тартиби, миграциялык мыйзамдардын талаптарын аткаруу, каттоо эрежелерин сактоо боюнча кеңири түшүндүрмөлөр айтылды.
Милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарды мыйзамдарды урматтоого, жергиликтүү калк менен өз ара сый мамиледе болууга жана коомдук коопсуздукту камсыздоого биргелешип салым кошууга чакырышты.
Мындай алдын алуу иш-чаралары коомдогу туруктуулукту сактоо, укук бузуулардын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында мындан ары да улантылат.
