Asman Airlines авиакомпаниясы COMACтын учактарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөдө
видеодон алынган кадр
25 сентябрь

Asman Airlines авиакомпаниясы COMACтын учактарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөдө

Asman Airlines авиакомпаниясы жана Commercial Aircraft Corporation of China Ltd. (COMAC) жарандык авиацияны өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты чыңдап, биргелешип иш алып баруунун жаңы келечектүү багыттарын караштырууда. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди. 

Анын айтымына караганда, тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашып, анын алкагында Asman Airlines авиакомпаниясы үчүн COMAC компаниясы өндүргөн заманбап C909 жана C919 аба кемелерин сатып алуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү негизги багыттардын бири катары аныкташты.

Кызматташтыктын алкагында COMAC биздин авиакомпанияга C909 жана C919 аба кемелери боюнча зарыл болгон техникалык жана коммерциялык маалыматтарды берет.

Тараптар Asman Airlines авиакомпаниясынын учурдагы жана келечектеги маршруттук тармактарын эске алуу менен, аталган аба кемелерин пайдалануунун натыйжалуулугу боюнча биргелешкен экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүүнү пландаштырууда.

Аба кемелеринин учууга жарамдуулугу жаатында өз ара иш алып баруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен биргеликте COMACтын аба кемелеринин тиби боюнча сертификаттарын Кыргыз Республикасында валидациялоо процессине көмөк көрсөтүү мындан аркы иштин маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары, Asman Airlines авиакомпаниясынын өкүлдөрү Шанхай шаарындагы COMAC компаниясынын өндүрүштүк объекттерине барып, ал жактан аба кемелерин өндүрүү процесси менен таанышып, кызматташтыктын келечектеги багыттары боюнча предметтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алышат.