Кыргызстан жана Gavi туруктуу эмдөө системасын өнүктүрүү үчүн өнөктөштүктү бекемдөөдө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында өткөн «Глобалдык реформадан өлкөлөрдүн лидерлигине жана жер-жерлердеги натыйжаларга — Gavi Leap диалогу» аттуу жогорку деңгээлдеги иш-чарага катышты.
Вакцина альянсы Gavi тарабынан Руанда Өкмөтү менен биргеликте уюштурулган иш-чарага министрлер, өкмөт өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр катышып, өлкөлөрдүн лидерлиги, туруктуу каржылоо жана саламаттык сактоо системаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.
Саламаттык сактоо министри өз сөзүндө Gaviнин Кыргызстандын эмдөө системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын белгилеп, анын ичинде жаңы вакциналарды киргизүү жана балдарды вакцина менен башкарылуучу инфекциялардан коргоо системасын чыңдоо багытындагы колдоосуна токтолду.
«Кыргызстан эмдөө программасына мамлекеттик каржылоону көбөйтүүгө жана анын натыйжалары үчүн улуттук жоопкерчиликти жогорулатууга багыт алган. Биз үчүн өтүү мезгилин этап-этабы менен, башкарылуучу жана алдын ала болжолдонгон шарттарда камсыз кылуу принципиалдуу мааниге ээ», — деп белгиледи Дамир Осмонов.
Бул өтүүнүн маанилүү инструменттеринин бири — Gavi Leap алкагындагы кызматташтык. Ал улуттук биргелешкен каржылоо менен өнөктөштүк колдоону айкалыштырууну карайт.
Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарынын арасында муздак чынжырды модернизациялоо, вакциналарды эсепке алууну санариптештирүү жана Улуттук вакцина кампасын куруу бар. Ошондой эле өлкө 2025–2030-жылдарга карата «Иммунопрофилактика» мамлекеттик программасы менен шайкеш келтирилген Gavi 6.0 алкагындагы 2026–2030-жылдарга карата улуттук арызын даярдоону аяктоодо.
Ошол эле учурда эмдөө системасында бир катар чакырыктар сакталууда. Алардын катарында кызамык оорусунун очокторунун пайда болуу коркунучу, кадрдык чектөөлөр, ошондой эле эмгек мигранттарын, мобилдүү жана жетүүгө кыйын болгон калк топторун эмдөө менен камтууну камсыз кылуу зарылдыгы бар. Кыргызстан бул маселелерди чечүү үчүн Gavi менен техникалык кызматташтыкты, эксперттик тажрыйба алмашууну жана стратегиялык диалогду улантууга кызыкдар.
Кыргызстандын Gavi Leap диалогуна катышуусу эмдөө жаатындагы улуттук артыкчылыктарды илгерилетүү жана жетишилген натыйжаларды сактоого, калктын ден соолугун коргоонун туруктуу системасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган өнөктөштүктү бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болду.
