Министрлер кабинети
25 сентябрь
Адылбек Касымалиевдин Кытайга жумушчу сапары аяктады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Кытайдын Ханчжоу шаарына жумушчу сапары аяктады.
Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушту.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы 5-Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө барып, анын ачылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү.
Жумушчу сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы «Geely Auto Group» компаниясынын кеңсесинде болду жана Ханчжоу шаарындагы бир катар алдыңкы кытай компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.
