Казакстанда бүгүн жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланды
Казакстандын Маңгыстау облусунда аскердик машыгуу учурунда 12 аскер кызматкеринин каза болушу боюнча иликтөө жүрүп жатат. Кызматтык милдеттерге шалаакы мамиле жасап, оор кесепеттерге алып келүү жана кеме башкаруу эрежелерин бузуу беренелери боюнча кылмыш иштери козголду.
Өкмөттүк комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу түзүлдү. Учурда тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.
Каргаша 24-сентябрда Каспий деңизинин жээгинде аскердик машыгуу учурунда болгон. Акыркы расмий маалыматтар боюнча, 12 аскер кызматкери каза болуп, үчөөнү куткарууга мүмкүн болгон. Дагы эки адамды издөө иштери уланууда.
Өкмөттүк комиссиянын төрагасы, премьер-министрдин орун басары Канат Бозумбаев окуянын бардык жагдайларын аныктап, кайсы адамдардын аракеттери же аракетсиздиги трагедияга алып келиши мүмкүн болгонун аныктоону тапшырды. Алардын күнөөсү тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат.
Ошол эле учурда каза болгондордун жакындары аскер кызматындагы жоокерлер кызмат өтөө мөөнөтү аяктап, жакын арада үйлөрүнө кайтышы керек болгонун билдиришти. Алардын айтымында, айрымдарын үй-бүлөлөрү бир жумадан кийин эле күтүп жаткан.
Ата-энелер машыгуулардын эмне себептен аба ырайынын жагымсыз шарттарында өткөрүлгөнүнө да суроо коюуда. Алардын айтымында, кырсыкка бир күн калганда «112» кызматынан бороон-чапкын тууралуу эскертүү түшкөн. Бул жагдайлар тергөө учурунда текшерилет.
Окуядан кийин ооруканага жеткирилген аскер кызматкеринин абалы туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок экени комиссиянын жыйынында маалымдалды.
Бийлик каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө социалдык жана материалдык жардам көрсөтүлөрүн билдирди. «Қазақстан Халық Кеңесі» мүчөлөрүнүн бири каза болгон ар бир аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө 25 млн теңгеден бөлдү. Башка ишкерлер да жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти. Бозумбаев келип түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууну тапшырды.
Каргашага байланыштуу 25-сентябрь Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
