Чүйдө 40,5 млн сомдук алтын куймаларды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылышкан
КР УКМК
25 сентябрь

Чүйдө 40,5 млн сомдук алтын куймаларды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылышкан

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жалпы салмагы 3 300 граммды түзгөн, баасы 40 512 458 сомдук алтын куймаларды контрабандалык жол менен алып чыгуу фактысы боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 24-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышты уюштурган деп болжолдонгон  жана алтын куймаларды түздөн-түз ташып жүргөн КР жарандары: 1970-жылы туулган У.Х.Д.  жана 2000-жылы туулган У.А.Л. аныкталып, кармалды.

Кармалгандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда жасалган кылмыштын бардык жагдайларын, ошондой эле баалуу металлдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоого багытталган зарыл ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.