Нарын облусунда чет өлкөлүк жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
18 июль

Нарын облусунда чет өлкөлүк жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 24-июнундагы №233 Жарлыгынын алкагында «Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» Нарын облусунун ички иштер органдары тарабынан түшүндүрүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Нарын облусунун аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагынан өз ыктыяры менен чыгып кеткен учурда, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен, ошондой эле чыгуу визасын тариздөө үчүн төлөнүүчү мамлекеттик төлөмдөн бошотулары тууралуу маалымат берилүүдө.

Нарын облусунун ички иштер органдары чет өлкөлүк жарандарды белгиленген мөөнөттү пайдаланып, өздөрүнүн укуктук абалын мыйзам талаптарына ылайык жөнгө салууга чакырат.