УКМК коргоо министринин орун басарынын уулун кармады
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коргоо министринин орун басарынын баласы кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media укук коргоо органдарындагы булактарга таянып жазды.
Билдирүүдө айтылгандай, 16-майда УКМК кылмыштуу топтун кармалганы тууралуу маалымат тараткан.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалгандар чет жакка тамеки продукцияларын аткезчилик аркылуу алып өтүү менен алектенген. Алардын арасында чек ара кызматынын кызматкерлери да болгон.
Иш боюнча айыпталуучулар контрабандалык товарлардын дагы бир партиясын экспорттоого аракет кылып жатканда кармалышкан.
"Кармалгандардын бири коргоо министринин орун басары Азизбек Байбалаевдин уулу, 23 жаштагы С. А. Б. болгон. Ал заставада кызмат кылган", - деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаардык соту билдиргендей, бардык айыпталуучулар УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
