Бишкекте тогуз айлык ымыркай ажатканага түшүп кетип чарчап калды
12 июнь

Бишкекте тогуз айлык ымыркай ажатканага түшүп кетип чарчап калды

Бишкекте 12-июнда кайгылуу окуя катталды.

Өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын маалыматына ылайык, тогуз айлык ымыркай жеке турак үйдүн короосундагы ажатканага түшүп кетип чарчап калды.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жөнөтүлүп, алар ымыркайдын сөөгүн чыгарып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда. Бул факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.