Ош мэриясы
27 апрель
Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары жаңыланууда
Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары жаңыланууда, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.
Билдирүүгө ылайык, “Керме-Тоо” аймактык башкармалыгына караштуу Анар 15-В жана Анар 15-Б даректериндеги көп кабаттуу турак үйлөрдүн сырткы фасаддары сырдалып жатат.
Ошондой эле, “Манас-Ата” аймактык башкармалыгындагы И. Раззаков көчөсүнүн №26 көп кабаттуу турак үйүнүн да фасадын сырдоо иштери жүрүүдө.
Аталган иштер Ош шаарынын мэриясынын кош каржылоо долбоорунун алкагында муниципалдык турак жай коммуналдык ишканасы тарабынан аткарылууда.
