Мамлекетке келтирилген 567 млн. сомдук зыян боюнча кылмыш иши козголду
6 март

Мамлекетке келтирилген 567 млн. сомдук зыян боюнча кылмыш иши козголду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жооптуу сактоосунда турган мобилизациялык резервиндеги 567 миллион сомдон ашык өзгөчө ири өлчөмдөгү товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги  аныкталган.

Бул факты Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.